Кулдуктоо тоосу

Википедия дан

Кулдуктоо тоосуАлай кырка тоосунун түн. тармагы. Кожо-Ашкан жана Сох сууларынын аралыгында дого сымал кеңдик багытта 31 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–8 км. Орт. бийикт. 4100–4300 м, эң бийик жери 5016 м.

Жону тайпак, капталдары тик, көптөгөн майда капчыгайлуу. Жонунда көл жайгашкан. Девон жана карбон мезгилдеринин доломит, акиташ жана башка тектеринен турат. Талаа (1800–1900 мге чейин), шалбаалуу талаа жана шалбаалуу токой (арча менен бадалдар; 2800–3800 мге чейин), субальп жана альп шалбаалуу талаасы (3200–4000 мге чейин), андан жогору түбөлүк кар, мөңгүлүү ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]