Кулжа башы мөңгүсү

Википедия дан

Кулжа башы мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу Сары-Белес тоосунун түн. капталындагы төр-өрөөн тибиндеги мөңгү.

Уз. 2,8 км, аянты 6,0 км2. Аксай суусунун оң куймасы – Көккыянын алабында жайгашкан. Башы 4460 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Мөңгү эки тармактан түзүлүп, абляция облусунда биригет. Оң тармагы сол жактагысынан эки эсе чоң. Мөңгүдөн Көккыянын сол куймасы – Кулжабашы суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2