Сары-Белес тоосу

Википедия дан

Сары-Белес тоосу - Борбордук Теңир-Тоодо. Какшаал тоонун түн.-батыш тармагы.

Текелик ж-а Көккыя сууларынын (Аксай суусунун оң куймалары) аралыгында дого сымал кеңдик багытта созулуп жатат. Уз. 24–25 км, туурасы 6–7 км. Орт. Бийикт. 3800–4200 м, эң бийик жери 4613 м. Кыры аскалуу, капталдары тик капчыгайлуу. Мөңгү ж-а анын аракетинен пайда болгон көл бар. Девон м-н карбондун кумдук, сла-нец, акиташ теги; конгломерат, кремнийлүү чөкмө тектеринен турат. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, шалбаа (3300–3400 м бийиктикке чейин), субнивалдык суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2