Кулназар Калыбий уулу

Википедия дан

Кулназар Калыбий уулу 1870-жылы Багыш айылында бий кызматындагы үй-бүлөөдө туулат.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим алуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашынан билимдүү болууга кызыгып арабча сабатын жойгондон кийин, орустун байларынын жардамы менен Оруссияга барып билим алууга жетишет. Адегенде Омскийде, андан кийин, Петроградда окуп, гимназияны бүтүрөт. 1900-жылга чейин Көк-Арт өрөөнүндө мындай билимдүү, орус тилин таза билген бир да адам болгон эмес.

Алгачкы саясий ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1917-жылга чейин адегенде бий, анан болуш болуп, элдин тынчтыгын, орустардан чыккан падышачылыктын зомбулугунан сактап турган. Ошол эле мезгилде орус интелигенттери менен байланышта болуп, Октябрь революциясы, Ленин баш болгон болшевиктер партиясы жөнүндө түшүнүк алып, Октябрь революциясынын таасири Орто-Азияны аралап келгенде, биринчилерден болуп кабыл алат.

Баштапкы чыккан 1918-1923-жылдардагы басмачылардын ой-максаттары туура эмес экенин элге түшүндүрүп айтып турган. Ошондуктан бул мезгилде ушул элден бир дагы басмачы чыккан эмес.

Советтик армиянын кызматында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Басмачылардан элдин тынчтыгын коргоо максатында, 400 гө жакын кишиден турган, курал-жарактуу Советтик ыктыярдуу отряд түзүп, 1922-1927-жылдары отряддын начальниги болуп кызмат кылат.

Сүргүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кийин кулактарды тап катары жою башталып, бийдин баласы болгондугу, 1916-1918-жылдары Багышта болуш болуп иштегендиги, жана паспортунда Кулназар Калыбиев деп жазылгандыгы себеп болуп, 1928-1932-жылдары үй-бүлөөсү менен Сибирде сүргүндө болот.

Акыркы жылдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1932-жылы сүргүндөн келгенден кийин, кулаксын деп жакшы кабыл алынбай, кызматтык жолдошторунун чакыруусу менен, Өзбекстандын Катта-Коргон районуна (Самарканд обл.), пахта пунктка жетекчи болуп иштеп кетет. Иштеп жүрүп 1934-жылы дүйнөдөн кайтат.

Кадыр-баркы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эл арасында кадыр-баркы жогору болуп, 1919-жылы Курманжан датканын уулу Кадырбек тууган болуп катышууну эңсеп, Кулназардын кызын келин кылып алууга куда түшкөн.
  • М.В.Фрунзе менен сүйлөшүп жүргөн тааныш болгон.
  • Аты жазылган кылыч, тапанча жана көптөгөн баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
  • Самарканд шаарындагы тарых музейинде, “Элдердин эркиндиги үчүн күрөшкөндөр” деген дубалында сүрөтү илинип турат.
  • Ошол учурда Октябрь кыштагынын тынчтыгына, өсүшүнө аябай чоң салымын кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3