Кулов Болот Бейшеналиевич

Википедия дан

Кулов Болот Бейшеналиевич (5. 1. 1957-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) — медицина илимдеринин доктору (2003). КММИни бүтүргөн (1980). 1980—82-жылдары КММИнин нерв оорулар кафедрасында ассистент, СССР Медицина Илимдер академиясынын неврология институтунда кенже илимий кызматкер (1989—94), 1994-жылдан КММАнын нерв оорулар кафедрасында ассистент, 1997-жылдан доцент болуп иштеген. 2000—03-жылдары Россия Медицина Илимдер академиясынын Неврология ИИИде докторантурада окуган. КММАнын неврология жана нейрохирургия кафедрасында профессор (2003—07). 2007-жылдан Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүү ИИИде директордун орун басары (башкы врач) болуп иштейт. Эмгектери: Артериальная гипертензия и сосудистые заболевания головного мозга. Б., 2007.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]