Кулон мыйзамы
Jump to navigation
Jump to search
Кулон мыйзамы — электр-статиканын кыймылсыз чекиттик эки электр зарядынын өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоочу негизги закону. Вакуумда жайгашкан заряддалган эки чекиттик кыймылсыз нерселердин өз ара аракеттенүү күчү F алардын заряддарынын модулдарынын көбөйтүндүсүнө түз пропорциялаш жана алардын арасындагы аралыктын квадратына тескери пропорциялаш F=kq q /r2, мында q , q2—заряддардын модулдары, r — заряддардын орны. Бул законду француз физиги Ш. Кулон 1785-жылы атайын жасалган толгонмо таразанын жардамы менен далилдеген. Заряддардын өз ара аракеттенүү күчү Кулон күчү деп аталат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9