Кулпунай

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кулпунай.

Кулпунай (лат. Fragaria moschata) — өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп. Кожогатка окшош.

Бийиктиги 30—35 см, жалбырагы чоң, үч ача, түктүү. Гүл сабы жалбырактарынан бийик өсөт. Гүлү ак, бир жыныстуу, айрым эгилме түрүнүн гүлү кош жыныстуу. Жемиши майда (2—3 г), кызыл, көк, сулпу ак, ширелүү, жыпар жыттуу. Жапайы түрү Европада кездешет. Эгилме түрү Франция, Италия, Англия, Германия жана КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Жемиши жаңы кезинде желет, ошондой эле кыям, компот кайнатылат, шире алынат. Кулпунай суукка байымдуу, кургакчылыкка чыдамсыз. Көлөкө жерде жакшы өсөт. Сорттору: Шпанка, Милан ж. б. Акыркы жылдары кулпунайды кожогатка кыйыштыруу жолу менен гибрид алынган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]