Култаева Үмүт Баймуратовна

Википедия дан

Култаева Үмүт Баймуратовна (24. 4. 1954-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Маркай айылы) — адабиятчы, филология илимдеринин доктору (2011), педагогика илимдеринин кандидаты, (1990), доцент (1999), Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги (2000). 1976-жылы ОМПИнин филология факультетин бүтүргөн. 1976—81-жылдары Көк-Жаңгак шаарындагы Сары-Булак, Сузак райондагы «Ырыс» орто мектептеринде мугалим, 1982—85-жылдары Кыргыз педагогика ИИИде аспирант, 1985—87-жылдары илимий кызматкер, 1987—89-жылдары Фрунзе шаарындагы № 39 мектепте мугалим, ошол эле учурда В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунда окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, 2000—07-жылдары Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, 2008-жылы докторант, 2009-жылдан Ж. Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп иштейт. Ү. Култаева 30 жылдан ашык үзгүлтүксүз педагогикалык жана илимий иш менен алектенет. «Кыргыз (2011). 1968-жылы КМУну бүтүргөн. 1963—69-жылдары Суусамыр өрөөнүндөгү Каракол, 8-Март орто мектептеринде мугалим, 1969—77-жылы Фрунзе (азыркы Түркмөн атындагы), Жумгал орто мектептеринде тарбия иштери боюнча директордун орун басары, директор, 1977—2006-жылдары Түркмөн атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, мугалим болуп иштеген. «Алас, алас», «Кийик сай», «Куланчы мерген», «Сезим кайрыктары» ырлар жыйнактарынын, «Кылымдар жаңырыгы», «Мидин минткен экен», «Эл-жер баяны» аттуу көркөм китептердин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]