Кулукеев Медербек Алыгулович

Википедия дан

Кулукеев Медербек Алыгулович (1937, Суусамыр өрөөнү - 2009, Сокулук району Ново-Павловка айылы) -эмгек ардагери.

Республикага эмгек сиңирген мал доктур.

  • Фрунзе шаарындагы медициналык орто окуу жайын артыкчылык диплому менен (1956) жа Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргөн (1961).
  • Эмгек жолун 1961-ж. Токтогул районундагы «Үч-Терек» совхозунда башкы мал доктур болуп баштаган.
  • 1966-75-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Кеңеш» совхозунда башкы мал доктур,
  • 1975-95-жылдары Кыргыз айылчарба министрлигине караштуу Суусамыр зооветеринария аймагынын башчысы болуп иштеген.
  • Кийин жеке ветеринариялык дарыкана ачкан.
  • Өкмөттүк ж. б. бир нече грамоталар менен сыйланган.
  • 1980-ж. «Кыргыз Республикасынын эмгек синирген ветеринария врачы» наамын алган.
  • 1970-ж. Лениндин 100 жылдык юбилейлик жана 1984-ж. «Эмгектин ардагери» медалдарына татыктуу болгон.
  • 1997-жылдан Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн атайын эс алууга чыккан.

Чал Уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9