Кулунду талаасы

Википедия дан

Кулунду талаасы, Кулунду түздүгү Батыш Сибирдин түштүгүндө. Иртыш жана Обь дарыясынынын аралыгында, Алтай крайынын жана Павлодар облусунун аймагында жайгашкан. Түндүгүнөн Бараба талаасы менен чектешет. Аянты 100 км2дей. Жеринин бети күдүрлүү (бийиктиги 250 мге чейин). Түздүк аркылуу Күчүк, Кулунду ж. б. дарыялар агат; туюк көлдөр бар. Көлдөрдө сода (Петухов, Танатар көлдөрүндө), глаубер (Кулунду, Күчүк) жана кайнатма туздарынын (Чоң жана Кичи Яровой) запасы мол. Климаты континенттик; январдын орточо температурасы —17°Сден —19°Сге чейин, июлдуку 19—22°С. Түндүгү менен чыгышына дан өсүмдүктөрү, түштүгү менен батышына шыбак-дан өсүмдүктүү талаа ландшафты мүнөздүү (көп бөлүгү айдалган). Жалчалардын капталдары кызыл карагайлуу токой. Кулунду талаасы — Батыш Сибирдин сүт багытындагы мал чарбасы жана дыйканчылыгы өнүккөн аймагы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]