Кулунсур

Википедия дан

Кулунсур Акжолтойдун тулпары. Жер кезип жүргөн Акжолтойго жолугуп, Олуя чал Сейтекке Кулансурду, Акжолтойго К-ду атайы арнап алып келип берет. К. тулпарга ээ болгон Акжолтой далай эрдик иштерди жасайт. Чоң Билгич менен болгон согушта анын айбандан башкача күлүк керигине К. жете барат. Токсон төрт балбан жабылып Акжолтойдон Чоң Билгичти бошотуп алып, көптөп кармамакчы болгондо жанга шерик тулпары К. куткарып калат:

Астындагы Кулунсур,

Ай жаныбар чын буудан,

Айбан да болсо жаныбар

Абаңызга чын тууган,

Беттеп айза сунганда

Белес менен жылт коюп,

Жамгыр кылып жаа тартса,

Ийри-муйру кылт коюп,

Акжолтой абаң урушту (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 296).

Кененге каршы кол курап келген Эбегей, Көгөйго Акжолтой К-ду тартуу тартып, алар Кенен менен эл болуп, Таласка көчүп келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4