Акжолтой

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

1. Акжолтой ("Манас" эпосу) — кырк чоронун бири, Адык кандын (башка бир жерлерде Арча кандын) уулу. Адык кандын Акжолтой Атышкан жоого сан колдой, Келип конду Таласка Чоро болду Манаска (Саякбай Каралаев, 1. 195),— деп сүрөттөлүп, Манаска эң алгачкылардан болуп кошулган чоролордон. « Аркан үзөр Акжолтой» делип анын күчтүүлүгү атайы белгиленип айтылат. Чоң казатта ок жаңылып өлгөн чоронун бири (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 922-инв., 548-б.).

2. * Акжолтой (Жолтой) — каарман, Саякбай Каралаевдин вариантында А. Кутубийдин баласы, белгилүү баатыр, акылман. Манас, Семетей үчүн Бакай кандай мааниге ээ болсо, «Сейтек» эпосунда Сейтек үчүн А. да — ошондой эле мааниге ээ акылман каарман, башкы баатырдын кеңешчиси, насаатчысы, жоону бирге жоолашкан жан бирге жолдошу. Сейтек өзү. да А-ду төмөнкүчө баалайт: Артык досум Акжолтой,
Караан кылган Акжолтой
Мени ээрчитип жүрүп эр кылган,
Эбегейсиз шер кылган.
Сайып жүрүп бак кылган,
Бет алганды мерт кылган,
Беттешкен жерге кан кылган.
Билбегенди билгизген
Манастан калган мураапым,
Туйгундан калган кыраакым,
Чачылганым жыйнаарым,
Үзүлгөнүм улаарым,
Казат кылсам душманга
Туу түбүндө тураарым (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 244).

Жер кезип жүргөн А. Олуя чалга жолугуп, андан ал Сейтек экөөнө арнап алып келген аттарды (Сейтекке Кулансурду, өзүнө Кулунсурду) алат. Олуя чалдан Акберметтин дайынын угуп, анын Олуя чалга таштап кеткен аманатын — көөхар шакегин Сейтекке алып келип берет. Сейтек Акберметке үйлөнгөндө А. тагдырына буюрган пери кыз Күлайымга үйлөнөт. Жолборстун жүрөгүнө талгак болгон Акберметке Кыдыр берген кол башындай жаңгакты алып келип берет. Чоң Билгич менен согушка А. Сейтек экөө барат. Амалданып качкан Билгичти кууп бараткан Сейтекти токтотуп, аман алып калат. Жөн билгичтиги, акылмандыгы. менен Кененге каршы кол курап келген Эбегей, Көгөйгө «түбүбүз бирге тууганбыз» элди бүлүнтүп, касташпай, биригип, сырттан келчү жоого каршы туралы деген жүйөлүү сөзү менен Кулунсурду тартуу тартат. Эбегей, Көгөй эчаккы кастыкты унутуп, Кенен менен эл болот. А. менен Сейтек "Манас" эпосунда аты уйкаш делип сүрөттөлүп, окшош сур ат минип жүрөт. Сейтек экөө бир күндө, бир мезгилде дүйнөдөн кайтышат. Эпикалык акылман карыялардын салттык образынын «Сейтектеги» көрүнүшү, активдүү ролу А-дун образы аркылуу берилген.

3. * Акжолтой"Манас" эпосундагы кейипкер, Бөлөкбай устанын баласы. Кыяс менен Канчоро Айчүрөктү олжологону келгенде капканы коргоп, Жедигер менен жети күн тынбай согушуп, капканы кайтарган балбандардын баары өлүп, «жети жерден жара жеп» жалгыз калган А. Кайыпчынын үңкүргө качып кутулат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 333—334).

4. * Акжолтой"Манас" эпосундагы кейипкер. Кырк чоронун бири Төлгөчүнүн атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 158). Башка жерде Манастын чоролорунун бири катары да төлгөчүгө жанаша эскерилет, к. Акжолтой.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]