Кутубий

Википедия дан

Кутубий, Кутунай — кырк чоронун бири. Бул образ ар түрдүү варианттарда ар башкача берилет. Сагымбай Орозбаков вариантында Ошпурдун айылдашы кыргыз Кадообайдын баласы, өз ысымы Чегебай. «Кутман болор сага деп, Дартыңа болор даба деп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 115) кырк чилтен атын К. коюп беришет. Манастын чоролорунун ичинде бирде К., бирде Кутунай деген ысым менен айтылат. Мисалы, Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо:

Кутубийдин Акбакай,

Улаан күлүк бир далай,

Бешинчи болуп барыптыр,

Бери кызындай Кыяпат

Берген кудай муну деп

Бекке ылайык кутунай

Бетине келип калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 422 — 423).

Ушул окуядан нары кырк чоронун бири катары «Кыргыздан кыраан Кутунай» делип, эрдиги, ар ишке жүйөкөрлүгү көсөтүлөт. Ошочдуктан жөн билгиликти, баатырлыкты талап кылуучу ишке Манас бекеринен К-ды кошо жибербейт. Мисалы, Алмамбетти алгач тосуп чыккан Чубак, Сыргак баштаган беш баатырдын бири К. болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 303), Манастын Санирабигага күйөөлөп келатканын Атемирге Ажыбай, Чалыбай, К. үчөө кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 392 — 393).

Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында Манас менен козу кайтарып жүргөн кара калмак Ошпурдун баласы Чегени Кызыр Алейкисалам К. атайт: «Кутубий дедим бул бала, Кутман болот өзүңө. Астыңа салса ак жолуң. Сенин артыңда жүрсө сан колуң...» (Саякбай Каралаев, 1. 106). Манас Кошойго жолукканы кеткенде Акбалта менен бирге каптап келген жоонун жолун тосот. Манас келгенден кийин Кошой жардамга келгенче Манаска караан болуп, сандаган кол менен жан аябай согушат. Ошол согушта Манас Оргону минген качырынан түшүрө сайганда азыр болгон К. Оргонун башын кесип кетет. Алтайдан Ала-Тоого келгенден кийин элине, Сары-Колго кетмекчи болгон Акбалта: «Кутмандуу бийиң кулунум, Курган нойгут элиме Кан көтөрүп салайын! Манаска тете уулум, деп, Баана кылып алайын» (Саякбай Каралаев, 1. 126 — 142, 151 — 154, 170),— деп К-ди кадырын салып Манастан сурап элине алып келет. К. Манаска, кыргыз элине, ак кызмат өтөсө, кийин К-дин уулу Карадөө Манастын урпактары Семетей менен Сейтекке да ошондой эле адал кызматын арнайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4