Кумаси шаары, Гана
Кумаси шаары, Гана — Гананын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Ашанти облусунун администрациялык борбору. Калкы 1,8 млн (2009). Калкынын саны боюнча Ганадагы 2-шаар. Темир жана автомобиль жолдор тоому. 17-кылымда негизделген. Манхия ак сарайы (1925), форт (19-кылымдын аягы), Ыйык Киприана чиркөөсү (1913) сакталган. Тамак-аш (жер жаңгак, кокос майы, кондитер азыктары ж. б.), жыгаччылык, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Велосипед, моторлуу велосипед жана трактор чогултулат. Кустардык өндүрүшү (жез, коло ж. б. металлдардан буюмдар, алтын беткеп жасалат) өнүккөн. Университет, иИИлер, искусство жана кол өнөрчүлөр мектеби, китепканалар, аскер музейи, улуттук маданий борбор бар. Зоопарк уюштурулган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9