Кумуз

Википедия дан

Кумуз, aгaч кумуз - дагестандыктардын элдик кылдуу чертме музыкалык аспабы.

Өрүктөн ж. б. жыгачтардан чабылат. Кумуздун ар кандай түрлөрү (авар, даргин, кумык ж. б.) калктарда кезигет. Алар кылынын саны, берейеси менен айырмаланат. Кумуз жаргактан жасалган плектор менен чертилет.

Биринчи кылында обон чертилсе, калган эки кылы коштойт. Азыркы кездеги өркүндөтүлгөн оркестрде ойноло турган Кумуздун үч түрү (Кумуз - прима, Кумуз - алът жана Кумуз - бас) бар. 14 беренеге бөлүнгөн. Эл аспаптар оркестринде ырларды коштойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.