Кумурска адам

Википедия дан

"Кумурска адам" (англ. Ant-Man, орус. Человек-муравей) — 2015-жылы Американын суперкаармандык тасмасы. Marvel Comics сериясындагы ушул эле аталыштагы каармандар Скотт Лэң менен Хэнк Пимге негизделип тартылган. Продюсери Marvel Comics, жайылткан Walt Disney Studios Motion Pictures. Бул Marvel киноааламында жарык көргөн 12-тасма. Режиссеру Пейтон Рид, сценарийдин автору Эдгар Райт, Жо Корниш, Адам Маккей жана Пол Радд. Тартылгандар Радд, Эванжелин Лилли, Кори Столл, Бобби Каннавал, Майкл Пеня, Тип Харрис, Энтони Маки, Вуд Харрис, Жуди Грир, Дэвид Дастмалчан жана Майкл Дуглас. Тасмада Лэң Пимдин кумурска адамынын технологиялык жактан кичирейип кетишинен сактап калууга жардам бериши керек болот. Дүйнөлүк кесепеттерге себеп болгон каракчылык тууралуу баяндалат.

"Кумурска адамдын" үстүнөн 2006-жылдын апрель айында иштей башташкан. Райт режиссер катары жумушка алынган. Ал ошондой эле Корниш менен чогуу сценарийди жазган. 2011-жылдын апрелине чейин Райт менен Корниш сценарийди үч жолу жазып чыгышкан. Андан соң Райт 2012-жылдын июль айында тасманы сынама түрдө тартып көргөн. Алдын ала өндүрүш иштери 2013-жылдын октябрында Райт "Дүйнөнүн соңу" тасмасын тартып бүткөндөн кийин башталган. Кастинг 2013-жылдын декабрында өтүп, Радд Лэңдин ролун аткарыш үчүн тандалып алынган. 2014-жылдын май айында чыгармачылык айырмачылыктарга шылтап Райт долбоордон кетип калган болсо да ал Корниш экөө сценарий менен окуяга жана башкы продюсер катары кошкон салымы үчүн эмгеги аталып калган. Андан кийнки айда Рид Райттын ордуна келген, ал эми Маккей сценарийди Радд менен бирге жазыш үчүн жумушка алынган. Негизги тасма тартуу иштери Сан Франциско жана Метро Атлантада 2014-жылдын август айынан декабрь айына чейин созулган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]