Купманс Тьяллинг

Википедия дан

Купманс Тьяллинг (1910-1985) (АКШ) жана Канторович Леонид (1912 1986) (Россия) - ресурстарды оптималдуу колдонуу теорияларын иштеп чыккандыктары үчүн 1975-жылы Нобель сыйлыгына татышкан.

Тьяллинг Купманс 1910-жылы Нидерланд өлкөсүндө төрөлгөн. Анын «Математикалык статистика жана анын экономикага кошкон үлүшү» (1936-ж.) аттуу эмгеги азыркы учурда классикалык мааниге ээ болуп, ага атак даңк алып келген. Купманс 1950-ж. эконометрикалык коомдун, 1978-ж. америкалык экономисттердин ассоциациясынын президенттигине шайланган. 1985-ж. дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9