Курак
Курак — бул түрдүү түстөгү кездеменин, теринин, кийиздин, таардын өөнүнөн кураштырылып жасалган буюм жана буюмду жасоо ыкмасы. Кыргыздардын салттуу кол өнөрчүлүгү. Көчмөн кыргыз элинин өзгөчө жаратмандыгын жана үнөмдүүлүгүн чагылдырган көркөм өнөрдүн бир түрү.
Курактын алгачкы жана түпкү маанилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Курактын бир чоң мааниси – маркумдарды эскерүү. Жыртыш ырымынын негизинде жасалган курактар бар. Жыртыш кийин эле, 90-чы жылдары суу майлыктарга жана жүзарчыларга алмаша баштады. Ошону менен бирге курак бир гана маркумдардын кийим/буюмдарынан же аларга арналып таратылган дукаба бөлүкчөлөрүнөн куралган эмес. Мисалы, койдун терисинен куралган курак бар. Курак - бул дүйнөгө болгон үнөмдүү жана аяр мамиленин көрүнүшү. Эскирген, кичирейген, жыртылган же бүлүнгөн оокатты дароо толугу менен ыргытып жибербей, анын бүтүн жерлерин курак кылып пайдаланышкан.
"Жыртыш" салты жѳнүндѳ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Жыртыш" салтында - узак жашаган, урматталган жана өмүр бою ийгиликке жеткен адам каза болгондо, маркумдун кийими бөлүнүп, сөөк коюу учурунда келген аялдарга таратылган экен. "Жыртыш" салтына ылайык чогултулган кездемелердин курамынан курак- төшөк тигилген. Куракта канчалык көп бөлүк болсо, ошончолук көп адамдарды эскерүү буюмуна айланган. Бир курак-төшөк аркылуу бир айылда өтүп кеткен адамдарды эскерүү мүмкүн эле. Маркумдун кут-ырайымы жаш муундарга өтөт деген ниет бул салтта сактапып келген делет. Кыргыздын бул салты азыркы күндө сейрек кездешүүчү көрүнүш[1].
Азыр болсо курактын жаңы маанилери пайда болууда[2]
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү][1] Элери Битикчи. 40 элементов кыргызской культуры: 14. Курак. https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:2217
[2] Перизат Тойчубекова. Доор менен кошо өзгөргөн курак. Азаттык. 22-Октябрь, 2021 https://www.advantour.com/rus/kyrgyzstan/culture/carpets/kurak.htm
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- (жеткиликсиз шилтеме) Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)
![]() |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|