Куралдуу колсалуу
Көрүнүш
Куралдуу колсалуу – мамлекеттин жеке жана жармакташ коргонууга негиз түзүүчү (БУУнун Уставынын 51-ст.) биринчи болуп (БУУнун Уставына карабастан) куралдуу күчтү колдонуусу. К. к-ну түзүүчү аракеттер алкагы 1974-жылкы «Баскынчылыкты аныктоонун» 3-статьясында камтылып (кара:Агрессия), ага тикелей баскынчылык, кыйыр баскынчылык, баскынчылыкка катышуу деген түшүнүктөр киргизилген. Ошентип, К. к-га жол ача турган аракеттер бир эле учурда БУУнун Уставынын 39-статьясындагы баскынчылык актысы деген түшүнүктү билдирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7