Курама (Наруто каарманы)

Википедия дан

Курама (жапон. 九 喇嘛 же Тогуз куйруктуу (жапон. 九尾の妖狐 Kyūbi no Yōko, сөзмө-сөз: Тогуз куйруктуу шайтан түлкү) – куйругу бар макулуктар арасында эң күчтүүсү. Мадара Конохагакуре курулуп башталган кезинде аны жер жүзүнөн жок кылуу аракеттеринде колдонгон, Курама жеңилип Хашираманын аялынын денесинде бекилет, эки муундан кийин Кушина Узумакиге берилет. Обитонун схемасынын жардамы менен Курама эрк алып, түлкүнүн жарым Инь күчүн өзүндө камтыган төртүнчү Хокаге Минато Намиказе аны токтотоордун астында Конохагуреге чабуул жасайт. Ушундан кийин, Минато менен Кушина өздөрүн курман кылып, Кураманын алсыз Ян күчүн уулу Наруто Узумакиде сактап калышат, ушу менен он эки жыл өтөт. Наруто сериялар бою ага окшогон жаш шинобилердин колунан келе албаган бир канча ыкмаларды Кураманын ченемсиз чакрасын пайдаланып аткарууга аракет кылат. Көп өтпөй Наруто Кураманын күчүнө ашыкча таянуусу түлкүнүн бекилген жеринен кожоюн денесине зордоп күч келтирип бошонуп кетээрине алып келгендигин үйрөнөт. Акырында Наруто Кушинанын атайын белгисинин жардамы менен түлкүнүн чакрасын башкарганды үйрөнөт. Наруто Обито менен күрөшүп жатканда, кожоюнун башка куйругу бар макулуктарды коргоо чечкиндүүлүгүн көргөн Курама Нарутого достук мамиле жасап куйруктуу макулук түрүнө жетүүгө жардам берген. Акырында, Инь күчүнөн айрылган Курама Минатодон Нарутого өтүп, өзүнүн жинчуурикисине өткөн соң Курама Инь күчүн кайтарып бүтүндүккө жетет. Кисимото Курама каарманын “Рухтар” (жапон. YuYu Hakusho) мангасынын бирдей аталышындагы каарманынын негизинде жараткан. Түлкү рухунун көркөм элесинин күргизүүсү Годзилла комикс каарманынан алынган. Курама каармандын үнүн жапон версиясында Тэссө Генда, англис адаптациясын болсо Питер Пол коштогон.

Түшүндүрмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сюжетте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]