Куран-Жайлоо алтын кени

Википедия дан

Куран-Жайлоо алтын кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кыргыз Ала-Тоосунун (чыгышынын) түндүк капталында, Орловка шаарчасынан 25 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1950–2200 м бийиктикте. 1961-ж. табылган. 1966–71-ж. геол. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун граниттери, жогорку палеозойдун сиенит-диориттери, диориттин порфириттери менен жирелген карбондун филиш-молоссалык катмарынан түзүлгөн. Руда тулкулары түрдүү багытта жылышкан жаракалар аркылуу гидротермдик өзгөрүүгө дуушарланган тоотектердин зонасы менен байланышкан. Рудалануу тарам тибине жана алтын-сульфид формациясына кирет. Руданын негизги минералдары: пирит, арсенопирит, сфалерит, галенит ж. б. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 10,1 г/т. Руданын запасы жана ресурсу 818,23 миң т, алтындыкы – 8,299 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]