Курбанкулов Жаныбек
Көрүнүш
Курбанкулов Жаныбек 1928-жылы азыркы Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган.
- Мектепти бүткөндөн кийин, 1947-жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1950 -жылы ийгиликтүү аяктаган.
- 1954- жылга чейин, Октябрь кыштагында мектепте мугалим болуп эмгектенет.
- Мамлекеттин жолдомосу менен Фрунзе шаарынан бир жылдык Мамлекеттик Партиялык окуу жайын 1955-жылы бүтүрүп, Октябрь райондук Профсоюз бирикмесинин төрагасы кызматын аркалап келген.
- 1964-1968- жылдары Сузак райком партиясынын инструктору, 1968-1970-жылдары Көк- Жаңгак шаарындагы партиялык уюмдун төрагасы болуп иштеген.
- 1970- жылдан 1972-жылга чейин Дружба совхозунда ферма башчысы болуп эмгектенген.
- 1968- 1972- жылдары Казахстандын Алматы шаарындагы Жогорку Партиялык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн.
- 1972-жылы 44 жашында капилет оорудан көз жумган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3