Курбанов Катып

Википедия дан

Курбанов Катып 1925-жылы Грузияда туулган.

  • Мектепти толук бүтө электе эле, репрессияга туш келишип, атайын көчүрмө болушуп, Өзбекстанга келишет.
  • 1956-жылы Багышка көчүп келип, алгач “Дружба” совхозунда айдоочу болуп жумушка орношот.
  • Ал жерде 1965-жылга чейин иштейт да, андан кийин, тамеки кабыл алуучу пунктка, тамеки кабыл алуучу болуп которулат.
  • Ошол жерде 1985-жылы пенсияга чыкканга чейин эмгектенет.
  • Көп жылдык талыбаган эмгеги унутта калбай, “Эмгек ардагери” төш белгиси, бир канча жолу грамоталар манен сыйланган.
  • Азыркы учурда жаштарга насаат айтып, түрк улутунун каада- салтын, маданиятын жаштарга үйрөтүп, кеңешин айтып, айыл аксакалы болуп, ардактуу эс алууда жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3