Куржун оюну

Википедия дан

Куржун - кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири.

Жаштардын, айрыкча уул балдардын күч сынашмай оюндарынан болуп эсептелет. Оюн мектептин спорт залында, түз жерде, көк шибердин же кийиздин үстүндө ойнолот. Оюнга 13 – 17 жана андан жогорку жаштагы оюнчулар катышат. Оючулар өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Алыс оюнчуларды жашына жараша эки жаатка бөлүп, 10 – 15 метр аралыкта катарга тизип бетме – бет тургузат. Эки жааттан бирден оюнчуну ортого чыгарып, колундагы таякчаны аларды көздөй тикесинен ыргытат. Кимиси жерге түшүрбөй кармап калса ошол оюнчунун жааты оюнду баштайт.
Калыс оюнду баштоочу жааттан үч оюнчуну ортого чыгарып, алардын эң күчтүүсүн көкөрөсүнөн кийиздин же шибердин үстүнө жаткырат. Жаткан оюнчунун жонуна эки оюнчуну чалкасынан аякташтырып бири – биринин буттарынын кызыл ашыктарынан илиништирип жаткырат. Жаткан оюнчунун жонуна бир эле оюнчу бир эле оюнчу арта салынып жатса да болот. Андан кийин калыс “ кржунду көтөрүңүз ” дейт. Көмкөрөсүнөн жаткан оюнчу үстүндөгү “ куржунду ”Көтөрүүгө аракеттенет. Эгер ал куржунду көтөрө алса бир упай берилет, көтөрө албаса берилбейт. Андан кийин куржун көтөрүү кезеги анын атаандаш жаатына келет.
Ошентип, бул оюн жааттардын оюнчуларынын бардыгы “куржун ” көтөрүшүп бүткөнгө чейин ойнолот. Оюндун акырында упайлар эсептелет. Кайсы жааттын упайы көп болсо ошол жаат утат.

Маалымат булагы: Токторбаев С. “ Өспүрүмдөр оюндары " .