Куржун сөктүрүү

Википедия дан

Куржун сөктүрүү – үйлөнүү үлпөтүндө аткарылуучу жөрөлгө. Калың төлөнүп, кызды алууга келишкенде күйөө тарап атайы куржун жасап келишкен. Куржунга кешик (бышырылган койдун эти, боорсок, белек-бечкектер) салынган. Кыз тараптан нускалуу, кадыр-барктуу байбичелердин бири Куржун сөктүрүү жөрөлгөсүн жасаган. Куржун сөккөн аял кешиктин оозуна салынган жоолукту жана тамак аштын чүйгүнүн өзү алып, үй ээсине тиешелүү белегин берип жаш үй- бүлөгө бакыт, ынтымак каалаган. Куржун сөктүрүү үйлөнүү үлпөтүндөгү өз ара белек алмашууга кирип, жакшылыкта жолугуунун белгиси болуп саналган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]