Курманов Карыпбай

Википедия дан

Курманов Карыпбай (1907, азыркы Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кызыл-Арык айылы 1995, ошол эле жер) — айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1943-71-жылдары Ысык-Ата районундагы «Сын-Таш» колхозунун башкармасы болуп эмгектенген. Ал башкарган колхоздо 1959—65-жылдары уйдун саны 446дан 591ге, кой 16 миңден 23 миңге чейин көбөйгөн. 1965-жылы ар уйдан 2500 кг сүт саалып, ар койдон 3,4 кгдан жүн кыркылып алынган. Кант кызылчасынын дүң жыйымы 2 эсе өскөн. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1955—59, 1963—67, 1971—75) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]