Курман Кыдырбай кызы

Википедия дан

Курман Кыдырбай кызы (1915, Жети-Өгүз району, Чырак айылы) — «Манас» жыйноочу. Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүтүргөн. 1932— 33-ж. Москвадагы стенографистикалардын курсунда окуган. К. манасчылар Саякбай Карала уулу менен Шапак Рысменде уулунун варианттарындагы негизги окуяларды так, жогорку деңгээлде жазып алган. Анын Саякбай Карала уулунанн жазып алган материалдарынын көбү өзүнчө китеп болуп басылып чыкты. Калган материалдар Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4