Шапак Ырысменде уулу

Википедия дан

Шапак Рысменде уулу (1863–1956, Кочкор өрөөнү) – манасчы.

Манас айтып калышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шапак бала кезинен ырга, көркөм сөзгө кызыгып, аны жатка айтып берүүгө абдан шыктуу болгон. Шапактын «Манас» айтып калуусуна Кочкорго көчүп келип Рысмендеге айылдаш конгон залкар манасчы Балыктын таасири тийген. Балык көчүп келген жылдары Шапак он үч жашта болгон. Кийин жыйырма жаш курагында Балыктын уулу Найманбай менен жакшы жолдош болуп, «Манас» айтууну үйрөнө баштаган. 26 жашынан «Манас» айта баштаганда Сагымбай Орозбак уулуна жолугуп, аны менен көп жылдар бирге жүрүп таалим алган. Айтуучулук чеберчилиги жана чыгармачылыгы төшөлө баштаган кезде Нарында жүрүп, Акылбек манасчыга жолугуп, «Манастын» негизги эпизоддорунан болгон «Чоң казатты», ошондой эле үчилтиктин акыркы бөлүмү «Сейтекти» үйрөнгөн. 1916-жылкы үркүндө Шапак эл менен кошо качып Турпанга барып бир жыл чамасындай туруп калат. Бул жерде да «Манас» айтууну Шапак уланта берген. 1917-ж. эл менен кайра өз жерине кайтып келгенден кийин гана Шапак белгилүү манасчылардын бири катары эл арасында кадыр-баркка ээ болгон. Шапак «Манас» айтууну Балык, Найманбай, Акылбек, Сагымбай сыяктуу чоң манасчылардан үйрөнгөндүгүн эскерсе да, жалпы салт катары айтылып келе жаткан түш көрүү салты бул манасчынын чыгармалыгына да мүнөздүү. Шаактын көргөн түшү башка манасчылардыкынан анча деле айырмаланып өзгөчөлөнбөйт. Айрым гана айтуу композициясы жана деталдык жагынан айырмаланбаса, бардыгы тең эле бирдей мазмунда айтылган көрүнүштөрдөн. 1935–48-ж. андан «Манас» эпосунун үч бөлүмү жазылып алынган. Анын варианты композиция жактан чеберчилик менен тыкан иштелген варианттардын бири болуп эсептелет. «Манас бөлүмүнөн: «Манастын төрөлүшү жана балалык чагы», «Манастын өспүрүм чагы», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» эпизоду жана үчилтиктин экинчи бөлүмү «Семетей» менен үчүнчү бөлүмү болгон «Сейтек» жазылган. Шапак салттык эпизоддорду кыскача кылып берүүгө аракеттенгендиги байкалат. Мунун өзү Шапак «Манас» үчилтигинин кыскача гана схемасын түзүп койгон дегендикке жатпайт. Бул вариантта да окуялардын өөрчүү процесси, образдардын ачылышы, сүрөттөө ыкмалары, эпостун композициялык курулушу эпостордун мыйзам ченемдүүлүгүнө баш иет. Шапактын айтуусунда Манастын дүйнөгө келишине чейин эпостун салттык эрежеси бузулбастан түпкү аталары жөнүндө кеңири планда айтылган «Манастын аталары» деген эпизод менен ачылат. Аталган эпизоддо Манастын түп аталарынын баатырдыгы эскерилип, кимден кимиси тарагандыгы саналат.

Түп атасы Түбөй кан,
Түбүнөн кыдыр даарыган,
Душманын отто каарыган,
Түбөй кандан Тотой кан,
Тотойдон Шыгай, Ногойкан,
Ногой кандын балдары
Бай, Жакып, Ороз, Үсөндү,
Ушулардын тушунда
Ногойдун эли түзөлдү.

Ногойдун тушунда жыргап-куунап жаткан кыргыздарды, ал дүйнөдөн кайткандан кийин Алооке баш болгон кытай-калмак башчылары туш тарапка айдашат. Шапактын вариантында Көкөтөйдүн ашы «Семетей» бөлүмүндө айтылбастан, «Манаста» берилет да мурдагы чыр-чатактын аягы ушул ашта уланып, Чоң казаттын чыгышына себеп болот. Көкөтөйдүн ашында ыза болгон кандар кийинки жылы Манаска каршы бүтүм уюштурушу Шапактын вариантына да мүнөздүү көрүнүш.

Шапак Ырысменде уулунун "Манасы"[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын варианты композициялык жактан чеберчилик менен тыкан иштелген варианттардын бири болуп эсептелет. «Манас» бөлүмүнөн: «Манастын төрөлүшү жана балалык чагы», «Манастын өспүрүм чагы», «көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» эпизоддору жана үчилтиктин экинчи бөлүмү «Семетей» менен үчүнчү бөлүмү болгон «Сейтек» жазылган. Майда тематикалык бөлүнүштөрүнө карабастан салттык түрдө айтылган эпизоддор көлөмүнө жараша бири узак баяндалса, айрымдары кыска айтылып көлөмү жагынан аз болгон. Эпикалык баян көлөмдү узартып же кыскартып айтууну шарттайт. Мунун бардыгы манасчынын талантына, анын алган таалимине байланыштуу, ошондуктан Ш-тын айтуусунда «Манас» үчилтигинин ичинен көлөмдүүрөгү «Семетей» бөлүмү. Башка бөлүмдөрү өзүнүн көлөмүнүн чакандыгы, окуянын кыскалыгы жана тактыгы менен айырмаланат. Башка манасчыларга караганда Ш. салттык эпизоддорду кыскача кылып берүүгө аракеттенгендиги байкалат. Мунун өзү Ш. «Манас» үчилтигинин кыскача гана схемасын түзүп койгон дегендикке жатпайт. Бул вариантта да окуялардын өөрчүү процесси, образдардын ачылышы, сүрөттөө ыкмалары, эпостун композициялык курулушу эпостордун мыйзам ченемдүүлүгүнө баш иет. Ш-тын айтуусунда Манастын дүйнөгө келишине чейин эпостун салттык эрежеси бузулбастан түпкү аталары жөнүндө кеңири планда айтылган «Манастын аталары» деген эпизод менен ачылат. Аталган эпизоддо Манастын түп аталарынын баатырдыгы эскерилип, кимден кимиси тарагандыгы саналат.

Түп атасы Түбөй кан,
Түбүнөн кыдыр даарыган,
Душманын отто каарыган,
Түбөй кандан Тогой кан,
Тогойдон Шыгай, Ногойкан,
Ногой кандын балдары
Бай, Жакып, Ороз, Үсөндү
Ушулардын тушунда
Ногойдун эли түзөлдү (Кол жазмалар фондусу, 49-инв., 1-б.).

Ногойдун тушунда жыргап-куунап жаткан кыргыздарды, ал дүйнөдөн кайткандан кийин Алооке баш болгон кытай-калмак башчылары туш тарапка айдашат. Айдоонун алдында Ногойдун балдары Алоокенин аярларынын сынынан өтөт. Сынчылардын сынынан өткөн учурда эле Көзкамандын түбүндө тууганга каршы болорлугу баса белгиленип, ага терс мүнөздөмө берилет:

Эми болсун Көзкаман,
Аңдасак түрү эң жаман.
Акыркысы түбүндө
Укумунан тукуму
Тууганга тиет чатагы (Кол жазмалар фондусу, 49-инв., 6-б.).

Баскынчы душман Ногойдун төрт уулун ар тарапка айдаганда алар кулак угуп, көз көрбөгөн жерлерге кабылышат. Үсөндү калмактардын арасына, Шыгай Индустанга, Бай Кашкар тарапка, Орозду Алайга, Жакып Алтайга сүрүлөт. Манастын ата-бабаларынан кабар берүү башка манасчыларда да кездешет. Ш-тын вариантында бул схема түрүндө кыска айтылса да, окуянын жүрүшүнө жараша өзүнүн сюжеттик өзөгүн сактай алган. Жалпы эле эпостун салтында учуроочу кары ата-эненин бала үчүн болгон арманы бул варианттан да орун алган. Мында окуянын түйүндөлүшү атанын түшү менен башталат. Жакып баласы жоктугуна арман кылып, уктап калып, түшүнө куш, кылыч кирет. Ошентип эпостун мыйзамына ылайыктуу келген түштү жорутуу, той өткөрүү сыяктуу шаан-шөкөттөр, ырым-жырымдар баяндалат. Бул ырым-жырымдардан кийин элүү жашка келген Чыйырды кош бойлуу болуп, жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Манас төрөлгөндөн кийин аны тарбиялоо үчүн койчулукка бергени сүрөттөлөт. Манас алгачкы эрдикти калмактарга каршы кармашта көрсөтөт. Аталган кармаштан тартып анын баатырдык жортуулдарды көрсөткөн эрдиктери уланып айтыла берет. Ш-тын баяндоосунда биринчи бөлүм, башкача айтканда Манастын балалык чагы, анын кан көтөрүлүшү жана Айкожодон пайгамбар берген аманат Аккелте менен Ачалбарсты алышы менен аяктайт. Бул эпизод салттуу деп эсептелинген окуялардын бардыгын камтыган. Ш-тын айтуусунда «Манастын » өспүрүм чагы» бөлүмүнө Манастын Самарканга көчкөнү, Алмамбеттин окуясы, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, чоролордун келиши жана Көзкамандардын окуясы сыяктуу эпизоддор кирген. Ошондой эле Манастын баатырдык жүрүштөрү, башкача айтканда алгачкы айкаштары сыяктуу согуштук окуялар айтылат. Аларда Манастын Кайып кан менен болгон согушу, кызы Карабөрктү тартууга алганы. Билериктин окуясы, Манастын Шоорук канды жеңгени жана башкалар ушул маанидеги согуш аракеттерин чагылдырган окуялар баяндалат. Манастын баатырдык жүрүштөрү анын тынчын алган Кайып канга жасаган жортуулунан башталат. Бул жортуулда Нескара, Жолой жана башкалар менен болгон кагылыш көрсөтүлбөстөн, тескерисинче, Манастын келишин Кайып тосуп, элчи жибергени айтылат. Мында Кайып кан кызы Карабөрккө кошуп, миң кыз тартуу берип, өздөрү жай гана кошулуп калат. Айрым манасчыларда Карабөрккө байланыштуу окуялар баатырдык үйлөнүү салтынын негизинде чечилсе, Ш-та бул мотив жөнөкөйлөштүрүлгөн. Ушундай эле шартта өзү катылган Шоорук да кызы Акылайга беш жүз кыз кошуп тартууга берип кутулат. Көкчө менен Манастын согушу башка варианттарда (негизгилеринде) учурабайт. Бул окуя Ш-тын «Манасында» Алмамбеттин окуясына байланыштуу айтылган эпизоддо камтылган. Анын кыскача мазмунун төмөнкүчө: Алмамбет Көкчөгө тарынып, Манаска келет. Манас аны кадырлап тосуп алат. Алмамбет Чыйырдынын эмчегин эмгенден кийин Манаска эмчектеш тууган болуп калат. Кыргыздарга келип жайланышкан Алмамбет Көкчөдөн кандайча кеткендигин, ага болгон тарынычын айтат. Муну уккан Манас Көкчөнүн жылкысын тийип алууга жигиттерин жиберет. Көкчө жылкыны куткарып алууга келгенде Кыргылчал аттан түшүрө чабат. Арага Акеркеч түшүп, Көкчөнүн аты Көкала менен жылкынын жарымын алып калат. Баатырдык үйлөнүү темасы негизги варианттарга жакын айтылат. Манастын мурун алган аялдары купулуна толбогон Алмамбет ага мындай дейт:

Ой, ой Манас жолборсум,
Мындан ары карата
Ишиңди кудай оңдосун,
Тегеренип кеткеним,
Теги жаман киши экен,
Кылчайбай карап турганым,
Кыялы жаман ит экен.
Мага алып бергенче,
Өзүң катын алсаңчы,
Өзүң алып баатырым
Андан кийин алсамчы (Кол жазмалар фондусу, 50-инв., 89-б.).

Бул вариантта деле колукту боло турган кызды издөө Жакыпка жүктөлөт да кудалашуу шарты баяндалат. Жалпы баатырдык үйлөнүү мотивине байланыштуу бардык жөрөлгөлөр жана ырым-жырымдар колдонулат. Көзкамандардын окуясына байланыштуу эпизоддо окуянын баяндалышы жана өрчүшү боюнча Сагымбай Орозбаковдун вариантынан эч айырмаланбайт. Окуя эки манасчыда тең бирдей эле планда өөрчүп отурат. Негизги варианттарда (Сагымбай, Саякбай) Ногойдун балдарын Алооке туш тарапка бөлүп айдоонун алдында сыноо жөнүндө сөз болбойт. Ал эми Ш-тын вариантында Манастын аталары жөнүндөгү эпизодунда алардын балдары атайын сынга түшүп, айрыкча Үсөнгө баа берилип, ага калмакка бара электе эле Көзкаман деп ат коюлат. Көкөтөйдүн ашынын өтүшүн баяндоо жана окуяны өөрчүтүүдө негизинен салттык өзөк мотивдер сакталган. Окуянын ачылышы ашка элди чакыруудан башталат да, андан нары сюжет өөрчүтүлүп окуя байыртадан келе жаткан мотивдердин негизинде курулат. Негизинен бул эпизод ашка элдин келиши, Коңурбайдын Мааникерди суратканы, ат чубатуу, жамбы атуу, күрөш оюндары, Манас менен Коңурбайдын сайышы, байгеден чыккан чатак жана эки колдун беттешүүсү сыяктуу окуяларды камтыйт. Ш-тын вариантында Көкөтөйдүн ашы «Семетей» бөлүмүндө айтылбастан, «Манаста» берилет да мурдагы чыр-чатактын аягы ушул ашта уланып, чоң казаттын чыгышына себеп болот. Көкөтөйдүн ашында ыза болгон кандар кийинки жылы. Манаска каршы бүтүм уюштурушу Ш-ын вариантына да мүнөздүү көрүнүш. Кыргыздын жети каны: Жедигердин Багышы, Жетим чалдын Агышы, Эштектин уулу Жамгырчы, кара жаак эр Үрбү, кандын уулу Жүгөрү, казактардын Көкчөсү, Элемандын Төштүгү баштап Манасты чаап алмак болуп аттанышат. Бирок Манаска келгенде ага даап сөз айта албай, Бээжинге казат кылалы деп келдик дешет. Колдун топтолушу, казатка аттануучу чоролордун жабдылышы, колдун жолдо жүрүшү сыяктуу окуялардын негизинде Бээжинге аттануунун алгачкы этабы өтөт. Сюжеттин курчушу менен окуянын өөрчүтүлүшүндө Алмамбет менен Сыргактын чалгынга шайланышы, ат тандоо, Чубактын жаңжалы, Мадыгел дөө менен болгон беттешүү, жылкы тийүү сыяктуу мерчемдүү окуялар эпикалык жүрүштүн экинчи этабын камтыйт. Ал эми «Чоң казат» эпизодунун үчүнчү этабы Манастын жеңиши, Коңурбайдын Манасты алдашы, Манас менен Коңурбайдын акыркы беттешүүсү, Манастын өлүмү, Каныкейдин Манаска күмбөз салдырганы, Көбөштүн кан болушу менен аяктайт. Башка варианттарда кездешүүчү салттык мүнөз Ш-тын «Манасында» сакталганы менен «Чоң казат» эпизоду өзүнүн композициялык курулушу жагынан кыска жана схема түрүндө айтылган. Анткени, жети кандын кеңеши, колдун жөнөшү, Каныкейдин чоролорду жабдышы, айрым согуштук окуялар өзүнүн эпикалык фабуласында тереңдетилип, курч кырдаалдар аркылуу ачылбастан, үстүртөн гана саналып өтөт. Ш-тын айтуусунда дастандын «Семетей» бөлүмү туугандар арасында ырк келишпегендиктен, бийлик талашып чатак чыгат. Мунун өзү бир вариантка гана мүнөздүү көрүнүш болбостон, көпчүлүк «Семетей» айтуучулардын варианттарына да мүнөздүү. Жогоруда эскерилгендей ич ара бузукулук Манаска күмбөз салдыруу учурунда эле башталат. Кыргылчал баш болуп, Бакай менен Каныкейге каршы чыгып, Бакайдан бийликти алуу жолун издешет. Көз көрүнө чыккан бузукулукка чыдамдуулук менен бек турушуп, күмбөз бүтүп, Манастын сөөгү коюлгандан кийин гана Бакай кандыгын Көбөшкө өткөрүп берет. Окуянын мындай өнүгүшүнө карабастан туугандар арасындагы нааразылыктан келип чыккан кандуу кагылыш окуялары бул вариантта кезикпейт. Мындай көрүнүш өз ара тарыныч иретинде айтылып, бийликти өткөрүп берүү жолу жөнөкөйлөштүрүп берилген. Анткени, Бакай Каныкей менен Семетейге оорчулук тийбесин деген ой менен бийлигин өткөрүп, өзү айылдан көчүп кетет. Ушул окуядан кийин «Манас» бөлүмү жыйынтыкталат да, «Семетей» эпосунун мазмуну башталат. Башка варианттардагыдай эле Кыргыл менен Көбөштүн зомбулугунан Каныкей кайненеси Чыйырды менен баласы Семетейди алып Манастын ак ордосунан качып чыгат. Мындан сырткары башка семетейчилерде кездешүүчү жолдогу оор кыйынчылык, Каныкей менен Чыйырдынын тарткан түйшүктөрү Ш-тын айтуусунда учурабайт. Бул вариантта Каныкей жол азабын тартып, кыйналбастан атасыныкына Бакайдын жардамы менен жетип алат. Жалпы эле «Семетей» эпосунда баатырдык пафосто сүрөттөлүүчү эпикалык кармаштар баяндалбастан, эпостун алгачкы бөлүгү жай турмушта учуроочу шарттардын негизинде чечилип калгандыгы байкалат. Семетейдин өспүрүм чагы башка варианттардай эле Букарда өтөт. Бул варианттагы өзгөчөлүк Семетей таякеси Ысмайылдын тарбиясында болбостон, таятасы Темиркандын колунда өсөт. Сары жөнүндөгү окуя Ш-тын айтуусунда өзүнчө эпизод катары баяндалып, кыскача болсо да өмүр баянына көңүл бөлүнөт. Анын кандай жагдайда Букарга келүүсү да ишенимдүү мотивдердин негизинде сюжетке байланыштуу чечмеленет. Семетей менен Сарынын кездешүүсү бардык варианттарга мүнөздүү мотивдердин негизинде куш салып сейил куруп жүргөн жеринде болот. Ушул учурдан тартып Семетейде туулуп өскөн жери Таласты көрүү, элин сагынуу сезими ойгонот. Ш-тын айтуусунда эл, жерди эңсөө, өз мекенине умтулуу анчалык терең эпикалык планда болбосо да штрих мүнөзүндөгү деталдар менен берилген. Негизги окуянын багыты ушул бурулуштан баштап Талас менен байланышта Семетейдин жүргүзгөн эрдиктери кеңири масштабдуу баяндоо аркылуу айтылып олтурат. Негизги окуялардан болгон Семетейдин Букардан Таласка келиши, чоң атасы Жакып, агалары Абыке менен Көбөшкө кездешип алардан атасынын мүлкүн алышы, Семетейдин кайра Букарга жөнөшү, Букардан Таласка көчкөнү, Чачыкейге үйлөнүшү, Абыке, Көбөш менен согушта Семетейдин жеңиши, анын эр жетип эрөөлгө чыгып, өз күчүн көрсөтө ала турган баатыр болуп калгандыгын көрсөткөн эпизоддор өзүнчө бир этапты түзөт. Эпостун сюжетинин чордонун ээлеген негизги окуялардын галереясын түзгөн бөлүгү катары Семетей менен Чынкожо, Толтойдун согушу Айчүрөккө байланыштуу айтылат. Эпостун жыйынтыктоочу бөлүгү Семетейдин Коңурбайга аттанышы, Канчоро менен Чачыкейдин чыккынчылыгы, Семетейдин өлүмү сыяктуу эпизоддордон турат. Элдик идеалда сакталгандай эле башкы каармандын ишин улантуучу анын артында тукумдун калышы закондуу көрүнүш катары бааланат. Ошондуктан, аталган идея кыргыздын баатырдык эпосу «Манаста» да бул үлгү уланткандыгы байкалат. Эпос эпикалык циклизацияны сактоо менен Семетейдин ишин улантуучу катары уулу Сейтек да эл, жерин коргоп, элдин көздөгөн максатын иш жүзүнө ашырат. Эпостун «Сейтек» бөлүмү да туугандар арасындагы ич ара араздашуу туудуруп, Семетей курман болот, ордо таланып, Айчүрөктү Кыяс аялдыкка алып кетет. Ата-бабалары сыяктуу эле Сейтек да башка эл, башка жерде өсүп чоңоёт. Анын эр жетип, эл таануусуна негизинен энеси Айчүрөктүн акыл-насааты, көргөзгөн жардамы чоң таасир берет. Сейтек Айчүрөктүн сөзү менен Күлчорону таап, аны жаратынан айыктырат да экөөлөп Кыясты өлтүрүшөт. Кийин Таласка көчүп келген соң Күлчоро Канчорону өлтүрөт. Бакайдын уулу Байтайлакты кан көтөрүшөт, Сейтек» эпосунун жыйынтыгы Сейтектин үйлөнүшү жана Коңурбайдын уулу Куялынын өлүмү менен аяктайт. Башка варианттардай эле Ш-тын айтуусунда эпостун башкы идеясы патриархалдык-феодалдык турмуштун чагылышы түзөт. Анткени, «Семетейде» же «Сейтекте» болсун ич арадан чыккан душмандардын көздөгөн максаты бийлик жөнүндөгү күрөштүн айланасындагы окуяга байланыштуу.
Башка варианттардан тышкары Ш-тын варианты айрым бир өзүнүн чыгармачыл мектебине мүнөздүү көрүнүштөрдү камтуу менен кээ бир окуялар же деталдык көрүнүштөр боюнча башка варианттарга салыштырганда өзүнчөлүк мааниге ээ. Мурда эскертилгендей Абыке, Көбөштүн Кыргылчалдын түрткүсү менен Манастын ордосун талкалашы анчалык кандуу кармашка алып келбейт. Ошондой эле Каныкейдин Букарга качканда жолдогу көргөн кыйынчылыктардын сүрөттөлүшү да жокко эсе. Ал эми Сары кан жөнүндөгү окуя өзүнчө эпизод катары сүрөттөлгөнү менен Ш-тын айтуусу боюнча ал башка элден чыккан болуп айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Сары кан Темиркандын инилеринен болуп баяндалат. «Манас» эпосунда Чачыкейдин Семетейге баш байлагандыгы колго түшкөн Калкамандын уулу Токамандын сөзү менен берилип, Чачыкей менен Үмөтай жөнүндөгү окуя орун алган. Башкы окуялардын бири Айчүрөктүн баатырларды сынашы вариантта кеңири планда баяндалган эмес. Кыска түрүндө манасчы тарабынан схемалык планда баяндалган. Булардан сырткары да майда деталдык мүнөздөгү өзгөчөлүктөр кездеше калат. ъ

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шапак Рысменде уулу Archived 2016-06-24 at the Wayback Machine