Курортология

Википедия дан
Курортология.

Курортология (курорттор жана ...логия) — медицинанын табигый дарылык факторлорду, алардын адамга тийгизген таасирин, дарылоо, алдын алуу жолдорун изилдөө, ошондой эле санаторий жана курорттордун соц.-гигиеналык шартын иштеп чыгуучу тармагы. Ага бальнеология, бальнеотерапия, баткак менен дарылоо, климатология, климат менен дарылоо ж. б. кирет. Курортология физиотерапия, физиология, гигиена ж. б. менен тыгыз байланыштуу. курортология маселесин Кыргызстан Курортологиясы жана калыбына келтирүүилим изилдөө институту изилдейт. Анын максаты курорт ресурстарын табуу, курорттук факторлордун касиетин, таасирин изилдөө, дарылоо ыкмаларын ж. б. маселелерди иштеп чыгуу. Курортология боюнча изилдөөлөрдүн натыйжасында курорттордун гидроминерал ресурстары кеңейип, минералдуу суу жана дары баткак кендери табылып, жаңы курорттор ачылып, комплекстүү дарылоо ыкмалары киргизилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]