Куросио

Википедия дан
Куросио (1) — Курил агымы (7).

Куросио, Куро-Сиво, Япон агымы (япончо куро — кара, сио — агым) Тынч океандагы жылуу агым, Япониянын түштүк жана чыгыш жээктеринде. Түндүк Пассат агымынын уландысы. Түштүк бөлүгүндө жазылыгы 170 кмдей, тереңдиги 700 мге чейин. Агымдын бетиндеги температурасы 12°Сден 28°Сге чейин. Ылдамдыгы 25—80 см/сек. Суусунун чыгымы Япониянын жээгине жакын 40—50 млн м3/сек, түштүгүндө 20—30 млн м3/секга чейин азаят. Тынч океандын түндүк бөлүгүндө жылуу агымдар тарамын пайда кылат. 36° түндүк кеңдикте жана 150° чыгыш узундукта Түндүк Тынч океан агымына өтөт. Анын чыгыш уландысы. Аляска жылуу агымы. Куросио агымы Тынч океандын түндүк бөлүгүнүн климаттык, гидрологиялык жана биологиялык шарттарына зор таасир тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]