Курил агымы
Көрүнүш
Курил агымы, Оясио — Тынч океандын түндүк-чыгышындагы муздак агым; Курил жана Хоккайдо аралынын чыгышын жээктей түндүктөн түштүктү карай агат. Суусунун орточо температурасы февралда 0дөн 2°Сге, августта 8ден 13°Сге чейин. 40° түндүк кеңдикте Курил агымы Куросио агымы менен беттешип, үстүнкү суу катмарынын ургаалдуу аралашуу жана чөгүү зонасын пайда кылып, Түндүк Тынч океан аралык агымын жаратат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9