Мазмунга өтүү

Куртка капчыгайы

Википедия — ачык энциклопедия
Аталышы Куртка капчыгайы
[[Файл:|thumb|center|200px]]
Жалпы маалымат
Жайгашкан жериНарын областы, Ак-Талаа району
Узундугу33 км
Терең жери3 км
Деңиз денгээлинен бийиктиги2600 м

Куртка капчыгайыМолдо тоонун түштүк капталында Ак-талаа районунун аймагында орун алган. Куртка суусунун аккан багыты боюнча түндүктөн түштүккө 30–33 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 400–600 м; деңиз деңгээлинен 1800–2600 м бийиктикте жатат. Турпаты V сымал. Капчыгай суу эрозиясы менен аккумуляциясынын тыйжасында карбондун кумдук, сланец, конгломерат тектерин жеп, үбөлөнүшүнөн пайда болгон. Таманында төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектери жокко эсе. Капчыгайга талаа, шалбаалуу талаа (2300 мге чейин), токой аралашкан шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Капчыгай аркылуу Ортоңку Нарын жана Соң-Көл өрөөндөрүн туташтырган авто жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]