Курукол корукчасы

Википедия дан

Курукол корукчасыЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы токой корукчасы (заказниги). Аянты 348 га. Карагай ареалынын батыш чет жакасындагы теңир-тоо карагай токоюн коргоо максатында 1975-жылы уюшулган. Анда карагайдан башка четин, долоно, зараң, катын жаңгак (афлатуния), изирик, табылгы жана ит мурундун бир нече түрү өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]