Куу

Википедия дан

Куу (ак куу, кара куу). Куу же ак куу (кара куу) - кыргыздардын түшүнүктөрүндөгү ыйык, тотемдик куш. Куу - эзелки хуннуларда, түрк тилдүү урууларда сыйынуучу канаттуу-онгон болгондугун аныктаган фактылар бар. Бул мифологиялык сюжет байыркы славяндардын уламыштарында (Кый, Лыбедь жана башкалар) да кенен таралган. Байыркы Кытайдагы «Чжоушу» жыл баяндарында төмөндөгүдөй маанидеги уламыштар айтылат: «...түрктөрдүн ата-бабалары хуннулардан түндүгүрөөк жерде жайгашышкан Со мамлекетинен келип чыгат. Алардын жетекчиси Апангпу дегендин он жети бир тууганы болуптур. Алардын ичинен Ичинишиту деген шаман (кам) иниси төрт уулдуу болот. Анын Үч уулу эл башкаруучу болуп, бир туугандардын эң кенжеси «Тюкю» деген наам алат. Ортончу уулу ак кууга айланып учуп кеткен имиш. Тюкюдан - Ашина, Ашинадан андан кийинки түрктөр таралыптыр...». Изилдөөчүлөр Со өлкөсү жайгашкан аймакты Алтайдагы Куу (Лебедь) дарыясы аккан жерге жайгаштырышат. Ак куу - Сибирь элдеринин мифологиясында түрдүү касиеттеги колдоочу (покровитель) жана сактоочу (ангел-хранитель) функцияларына ээ болгон. Маселен, тунгус тилдүү элдерде ак куу аңчылыкты колдоочу касиетине ээ болсо, селькуптарда бурят, якут жана Саян-Алтай элдеринде ачык тотемисттик белгилерге ээ болгон. Куудан - аялдар үй-бүлөлүк жыргалчылыкты, ынтымакты, сактоочуну, ал эми эркек кишилер аң уулоодогу колдоочуну көрө алышкан. Г.Н.Потанин өз иликтөөлөрүндө бурят-хангиндерде бул уруунун (хангиндер) ак куудан тараган деген уламыш бар экендигин жазат. Уруктун өкүлдөрүнө ак кууну өлтүрүүгө, ага зыян келтирүүгө табу салынган. Якуттарда куунун этин жегенге тыюу салынган. Куу - эне тараптагы туугандардын сактоочусу милдетин аткарган. Тувалардагы кезек-хуулар уруусунун өкүлдөрү кызга куда түшүү үчүн атып алынган ак кууну (кара кууну) болочок кайынга (кайын-журт) алып барса, ал (кайын ата) кызын сөзсүз берүүгө милдеттүү болгон. Кара Чоодуларда (тувалардын уруусу) бул салт аркылуу мүлктүк (социалдык) абалын оңдоп алууга жетишишкен фактылар катталган. Бул мисалдар уруунун башкы тотеми болгон ак куунун көп кырдуу касиетинин адамдардын аң-сезимине өтө терең сиңгендигин чагылдырат. Мындай байыркы салт закамендик буряттарда да кенен таралган. Атып алынган кууну болочок кайынга (кайын-журт) тартуу кылуу хакастарда «тѳргін» (кырг. төркүн) деп аталган. Бул архаикалык, тотемистик-мифологиялык салт байыркы энелик доор менен тыгыз байланышкан. Бул терминди кыргыздардагы «Куу уул» геноними, орто кылымдардагы «куман» (половец), алтайлыктардагы «куманды», «куу кижи»(челкандар, лебединецтер), тувалардагы «кезек хуулардын» уруу (урук) аттары менен параллель коюуга болот. Терең этностук-маданий жана социалдык мааниси бар бул салт Л.П.Потапов, В.Я.Бутанаев жана башка окумуштуулардын иликтөөлөрүндө кенен чагылдырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]