Ашина

Википедия дан

Ашина - байыркы түрк уруусу. Түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу Кытайдын «Бей ши» (304-436), «Чжоу шу» (556-581), «Бей Ци шу» (550-577) жана «Суй шу» (589-619) тарых наамаларында кездешет.

Андагы түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу уламыштардын бири боюнча түрк урууларынын ата-бабалары хунн урууларынын түндүгүндө, Со аймагында жашаптыр. Алар 70 бир тууган болуп, эң улуусу Ичжини-Нишоду карышкырдын баласы болуптур. Со аймагын душмандар басып алып, алардын ичинен жалгыз Ичжини Нишоду гана аман калыптыр. Анын бир аялы жайдын перисинин кызы, экинчиси кыштын перисинин кызы экен. Биринчи аялынан төрт уул төрөлүп, алардын бири аккууга айланып кеткен. Экинчиси - Цигу (С. Е. Яхонтовдун пикири боюнча цигу «кыргыз» этнониминин алгачкы фонетикалык варианттарынын бири) Афу (Абакан суусу, Енисейдин ири куймасы) менен Гян (Кем, башкача айтканда Енисей) дарыясынын ортосундагы аймакта, үчүнчүсү Чуси суусунун боюндагы жерлерди башкарыптыр. Алардын эң улуусу Надулу-шадды жергиликтүү калк падыша шайлап алышкан. Надулушад эң кичүү онунчу аялынан Ашина аттуу уулдуу болот. Надулу дүйнөдөн кайткан соң анын балдары Ашинаны баарынан бийик секиргендиги үчүн, Ахян-шад деген ысым беришип, падыша шайлап алышыптыр. Кийинчерээк ошол уламышта айтылган Надулу-шаддын небереси Бумын Алтайда алгачкы Түрк кагандыгын негиздеген. Бул уламышта чындыктын үлүшү бар экендигин окумуштуулар далилдешкен. Н. А. Аристов Со аймагын Алтайдын түндүк этегиндеги Лебедь суусунун Бий дарыясына куйган жеринде жашаган Со уругу менен байланыштырат. Ичжини-Нишодунун аккууга айланып кеткен уулун азыркы алтайлык куукижи (лебединдер) деп белгилейт. Ал эми анын үчүнчү жана төртүнчү баласынын жергесин Катун дарыясына куйган Чүй бассейнине окшоштурат. Н. А. Аристов Ичжини-Нишодунун экинчи уулу Цигу бийлеген аймакты Енисей менен Абакан дарыясынын ортосуна жайгаштырат. Түрк урууларынын чыгышы жөнүндөгү экинчи уламыш боюнча алардын түпкү ата-бабалары бир чоң саздын четинде жашаптыр. Кийинчерээк аларды кошуна уруунун аскерлери кырып, бир гана он жаштагы баланы колу-бутун кесип таштап кетишиптир. Аны ургаачы карышкыр багып чоңойтуп, душмандардын куугунтугунан кутулуу үчүн күйөөсү болгон мунжуну өлтүрүп, Турпандын түндүгүрөөк жагындагы тоодогу чоң үңкүргө келип, он баланы тууйт. Алар чоңойгондон кийин турпандык айымдарга үйлөнүшүп, ар бири өзүнчө уруктардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан. Карышкырдын он баласынын бири - Ашина жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында жол башчылыкка шайланып, анын ысмы ал бийлеген урууга берилип калыптыр. Кийинчерээк Асяншад деген жолбашчы Ашина уруусун үңкүрдөн алып чыгып, жуан-жуандардын ханына баш ийип калган экен. Бул эки уламыштагы окшош тарыхый маалыматтар, Асян-шад, Ашина сыяктуу ат же этнонимдер алардын мазмунунда чындыктын үлүшү бар экендигин айгинелейт. Ал эми түрктөрдүн түпкү тегинин карышкыр менен байланыштырышы жалпы эле Азия элдерине мүнөздүү көрүнүш. Экинчи уламыштын мазмуну боюнча Ашина уруусунун чыгышы Түндүк Кытай жана Чыгыш Түркстан менен байланыштуу. «Суй шуда» деген тарыхый булак болушчу жана«Тукйүенин (түрктөрдүн) ата-бабалары Пинляндын ху (урууларынын) аралашмасынан. Алардын уругунун аты - ашина. Түндүк вэйлик император Тай У-ди Цзүйцүйдү жок кылганда Ашина (уруу жолбашчысы) 500 үй-бүлө менен жужуларга (жужундарга) качып кеткен. Алар жана

укум-тукумдашып, Цзиньшань (Алтай тоолорунун) тектеринде жашашып, темир иштетүү менен кесиптенишкен» деп эскерилет. Ашина уруусу алгач Алтайга көчүп баргандан кийин жужандарга көз каранды болуп, аларга салык төлөп турушкан. Ашина уруусунун жол башчылары Асяншад, Туу жана Бумын жүз жылга жакын мезгилде коңшулаш жашаган калктарды баш ийдиришкен. Алардын уруу бирикмесинин саясий жактан жогорулашына байланыштуу «түрк» деген жаңы термин пайда болуп, ал адегенде Ашина ак сөөктөрүнө, бийлик өкүлдөрүнө гана тиешелүү болсо, бара-бара уруулар союзунун, андагы калктын, кийин мамлекеттин атына айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1