Чыгыш Түрк кагандыгы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Чыгыш Түрк кагандыгы – 603–745-жылы Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркстан жана Түштүк Сибирь аймагында бийлик кылган мамлекет. Улуу Түрк кагандыгы 582–603-жылы Батыш (Жетисуу, Чыгыш Түрк-стан) жана Чыгыш (Моңголия) кагандыктарына бөлүнүп, өз ара чабышып турушкан. 603-жылдан Чыгыш Түрк кагандыгы өз алдынча мамлекет катары өнүккөн. Чыгыш Түрк кагандыгы Шиби кагандын (609–619), өзгөчө Хели кагандын тушунда күчөп, Кытайга 67 жолу жортуул жасалган. 630-жылдан. Чыгыш Түрк кагандыгы Кытайдын Тан династиясына 50 жыл бою көз каранды абалда калган. 687-жылы Кутлуг каган (Элтериш) жана кеңешчиси Тоң-Йокуктун тушунда көз каранды эместикти калыбына келтирген. Кагандыктын ордосу Өтүкенде (Каңгай тоосу) жайгашкан. Кутлуг каган дүйнөдөн кайткандан кийин (691-жылы) анын ордун иниси Капаган каган ээлеген. Анын убагында Чыгыш Түрк кагандыгы аскердик-саясий жактан өзгөчө жогорулаган. Кыска мөөнөттүн ичинде Капаган каган Туваны багынтып, кидандарды (696–697), енисей кыргыздарын (709–710), 711-жылы түргөштөрдү талкалап, Жетисууну ээлеген. Түндүк Кытайдагы Тан аскерлерине каршы жасаган бир нече жолку жортуулдары ийгиликтүү аяктаган. Самаркандын жанында арабдар менен болгон салгылашууда түрктөр жеңилүүгө учураган. 741-жылы Бешбалык шаарын каратууга жиберилген түрк аскерлеринин жүрүшү да ийгиликсиз аяктагандан кийин кагандыктын курамындагы кидан, карлук, тогуз-огуз жана башка уруулар көтөрүлүшкө чыга баштаган. Натыйжада, Капаган каган 716-жылы көтөрүлүшчүлөрдүн буктурмасына кабылып өлгөн. Бийликке келген Кутлуг кагандын уулдары Могилян (Билге каган) жана Күл тегин карлуктарды, аздарды, кыргыздарды, түргөштөрдү моюн сундуруп, мамлекеттин чегин Манжуриядан Сырдарыяга чейин кеңейткен. Чыңдалып калган аскерлери менен Билге каган Кытайга каршы согушка даярданат. Бирок Тоң-Йокуктун кеңеши менен тынчтык келишимин түзүү үчүн Кытайга элчи жиберет. Кытай императору Сюань-Цзян анын аракетине каршы чыгып, 720-жылы түрктөргө каршы армия топтогон. Бирок алар оор жеңилүүгө дуушарланып, кагандын тынчтык келишимин кабыл алган. Кытай менен Чыгыш Түрк кагандыгы нын ортосунда соода мамилелери өнүккөн. 731-жылы Күл тегин, 734-жылы Билге каган дүйнөдөн кайткан. Билге кагандан мураскор уулдары Ижан каган (734–739) жана Теңир каган (740–741) атасынын тынчтык саясатын улантышкан. Бирок, 741-жылдан Чыгыш Түрк кагандыгы начарлап, борбордук бийликке баш ийбеген дубан башкаруучулары көбөйгөн. Теңир каганды аталаш тууганы Кутлуг жабгу өлтүрүп, тактыны ээлеген. Кутлуг жабгу жана анын мураскорлору тогуз-огуз, басмыл, уйгурларга каршы күрөштөрдө курман болушкан. 745-жылы Чыгыш Түрк кагандыгы өз жашоосун токтоткон.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.