Куэста

Википедия дан
Куэста.
Куэста (Түштүк-Африка).

Куэста (испанча cuesta — кыя, тоо капталы) — капталдары асимметриялуу (бир жагы жантайыңкы жана узун, экинчиси тик жана кыска) түзүлүштөгү жалча. Ар кандай борпоңдуктагы тоо тектерди суунун жемиришинен пайда болот. Тоо тектер Куэстанын узун капталына карай жантайыңкы жайгашат. Куэста акиташ, кумдук ж. б. тоо тектерден турса, рельефтин Куэста тибин пайда кылат (мисалы, Крым, Түндүк Кавказ, Париж жана Лондон бассейни ж. б. жерлерде).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]