Куяс

Википедия дан

Куяс "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Маңгул аяры. Култаңдан Манастын кабарын уккан Текес кан күндүк жердеги К. аярды атайын киши жиберип, тез келсин деп чакыртат. Текестин коркконун көргөн К. аны жооткотуп: «Ортодо төрт буруттур, Ошондон коркуп жүргөнүң Сени да кудай уруптур!» — дейт да Манастын колу келчү жолдогу бак-шак, чөп-чарды арып-дуба окуп эсеп жеткис жаракчан аскерге айлантып коёт. К-тын аярлык өнөрүнө тең берген Текес Манастын колунун өтө албасына ишенип, даярдыксыз, беймарал жатып алат. Найза сайса найзаларын сунуп, мылтык мээлесе мылтыктарын колуна алып, кыйкырса кыйкырып, бет маңдай келген адам эмне иш кылса ошону жасап, жолду тосуп турган аскердин сырын Бакай билип, Манаска, колго айтат. Душмандын амал аскерин дары төгүп өрттөп жиберишип, Текестин ордосуна кирип барышат. Каарданган Текес адегенде К-ты, анан өзүн-өзү өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 35 — 45).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4