Кыдырбек Чодронов

Википедия дан
Кыдырбек Чодронов

Чодронов Кыдырбек (1920б Аламүдүн району, Баш-Кара-Суу айылы) — опера ырчысы (баритон). Кыргыз ССР эл артисти (1958).
1948—51-ж. Москва консерваториясынын улуттук студиясында окуган.
1938-жылдан хор артисти, 1942-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын солисти.
Чодронов Кыргыз опера жана балет театрында коюлган операларда ондогон ролдорду сахнага алып чыкты. «Айчүрөк» операсынан Семетейдин, Канчоронун, Түмөнбайдын, «Манас» операсынан Манастын партияларын чебер аткарууга жетишкен.
1958-ж. Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө катышкан.
Чодронов Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедия, 2-том, Б,1995-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талант тагдыры: Эл артисти Кыдырбек Чодронов