Кыдыров Абзий

Википедия дан

АБЗИЙ КЫДЫРОВ - акын.

Абзий Кыдыров Түп районундагы Көөчү айылында 1931-жылы 11-августта туулган.
1950-жылы Мукай Элебаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, Көөчү жети жылдык мектебинде иштеп калат.
1951-жылы апрелде Советтик Армиянын катарына чакырылып, кайтып келгенден кийин кызыл үйдүн башчысы болуп кызмат өтөйт.
1954-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында кызматкер, бөлүм башчысы болуп иштейт.
1959-жылдын апрелинен 1-августуна чейин ВЛКСМ Борбордук Комитетинин алдындагы Борбордук комсомолдук мектептин төрт айлык журналистикалык курсун бүтүрөт. Ошол эле жылы М.Горький атындагы адабият институнда окууну улантат.
1965-жылы «Жаш Ленинчи» журналына бөлүм башчы болуп, бөбөктөр үчүн «Балаты» деген журнал чыгара баштайт. Кийин ошол журнал «Байчечекей» деген ат менен өзүнчө бөлүнүп чыкканда жооптуу катчы болуп ишин улантат.
А.Кыдыровдун биринчи жыйнагы 1956-жылы «Мекен энем» деген ат менен басылып чыккан.
А.Кыдыров дүйнөлүк белгилүү акындардан тартып советтик акындар Р.Гамзатов, К.Кулиев, М.Турсун-заде жана башкалардын ырларын которгон.
1960-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 30 жылдыгынын урматына» «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгынын урматына», «Эмгек ветераны» медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин, ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Мекен энем. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 72 б.

Белек. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 132 б.

Баатыр бала Карабай. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 60 б.

Калдыбай менен Адыбай. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 40 б.

Баатырдын шапкеси. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 26 б.

Дөбөдөгү толгонуу. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 75 б.

Турмуш күүсү. – Ф.: Мектеп, 1967. – 114 б.

Шоңур. Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1967. – 186 б.

Менин өмүр баяным. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 90 б.

Ала-Тоом. – Ф.: Мектеп басмасы, 1969. – 136 б.

Таянган тоом – мекеним. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 80 б.

Ишеним. – Ф.: Мектеп, 1972. – 72 б.

Эки дос. – Ф.: Мектеп, 1975. – 130 6.

Чактүш: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 123 б.

Мээрим: Тандалган ырлар, поэмалар, жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1981. – 240 б.

Туулган күн: Ырлар, табышмактар, жаңылмачтар, жомок, поэма. Ф.: Мектеп, 1985. – 128 б.

Күндөр: Ырлар, поэма. – Ф.: Адабият, 1989. – 112 6.

Парыз: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Адабият, 1991. – 176 б.

Окуганды үйрөнөм: Окуу китеп. – Б.: Айбек фирмасы, 1996. – 130 б.

Орус тилинде

Все – наоборот: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1971. – 14 с.

Лирика. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 75 с.

Кто у нас молодец: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1977. – 62 с.

Все - наоборот: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1982. – 14 с.

Колокол: Стихотворения, сказки. – Ф.: Мектеп, 1983. – 83 с.

Веселая азбука: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1984. – 20 с.

Доверие: Стихи. – М.: Дет. лит., 1987. – 31 с.

Башка элдердин тилдеринде

Последнее яблоко: Стихи. – Минск: Мастацкая литература, 1978. 17 с. – белорус.

КОТОРМОЛОРУ

Юхма М. Мальчик из Шоршел: Рассказы. – Ф.: Мектеп, 1978. – 84с.

Кононов А. В Смольном: Сб. рассказов о Ленине. – Ф.: Мектеп, 1980. – 15 с.

Мумин: П. Шестьдесят шесть золотых рук: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1982. – 64 с.

Кононов А. В Смольном: Рассказы о Ленине. – Ф.: Мектеп, 1987. – 24 с.