Кызматкерлер

Википедия дан

Кызматкерлер – кара күч эмес, акыл эмгеги менен алектенип, айлык алгандар. Бир канча кесиптик топторго бөлүнөт: администрациялык – башкаруучу адистер, инженердик-техникалык жумуштар, жана башка адистер, соода, контора кызматкерлери. Кызматкерлер коомдун өнүгүшүнө байланыштуу эмгектин бөлүнүшү, кара күч, жалданма эмгектин пайда болушунун натыйжасында ажыратылат. Транспорт, байланыш, соода, билим берүү жана медицина тармактарынын өнүгүшү, тейлөө кызматынын күчөшү менен кызматкерлер да көбөйөт. Кызматкерлер мамлекеттин укук тартибиндеги мыйзамдардын негизинде туруктуу же убактылуу дайындалат же шайланат. Ал мамлекеттик, коомдук мекемелерде бийлик өкүлүнүн, уюштуруучу - тескөөчүнүн милдетин аткарат, чарбалык кызматтар менен катар саясий – экономикалык, маданий жана агартуучулук, жана башка иш-аракеттерди жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8