Кызылбаш

Википедия дан

Кызылбаш — этноним. "Манас" эпосунда Көкөтөйдүн ашына чакырылган элдердин бири катары эскерилет:

Күн батыштын жагында

Кызылбаш бар, тарса бар,

Ашка келсе анча көп

Алакандай Анжыян

Ага буруш кандай кеп (Сагымбай Орозбаков, 3. 75).

Тарыхта (16-к.) Ирандагы ислам дининин бир багытын түзгөн шийиттер сунниттер менен согушкан учурда айырмаланып туруш үчүн кызыл баш кийим кийип жүргөндүктөн «Кызылбаш» деп аталган. 16-кылымда Орто Азия элдерине (өзбек, түркмөн, тажик, каракалпак) да диний согуштарды жүргүзүп келген. Ошондуктан, бул элдерде «Кызылбаш» деп жалпы эле түндүк чыгыш ирандыктарды атап, душман катары эсептешкен. Оозеки чыгармаларда да ошондой эле мааниде чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4