Кызыл-Кечит опал кени
Көрүнүш
Кызыл-Кечит опал кени — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Сумсар шаарчасынан 5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1140–1170 м бийиктикте. 1985-ж. геол. cъемка ишин жүргүзүүдө табылган. Кесилишинде 10–15 см өлчөмдө болгон опал желвактары бухара жана сузак кызыл түстөгү терриген катмарларынын мергель кабатында учурайт. Опалдын өңү түтүн сымал, көгүш-боз, кызгылт-боз. Опал декаративдүүлүгү боюнча зергердик кооз таш катары колдонууга жарамдуу. Болжол ресурсу 2250 м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7