Кызыл-Кум

Википедия дан

Кызыл-Кум топоним. Алооке кандын жери. Ал Манаска колго түшүп калганда:

Агала чап, Кызыл-Кум,

Аңчы барса жыргаган.

Ойнобой бенде турбаган,

Кымбат баа жерим бар (Саякбай Каралаев, 1. 211), жанымды аман калтыр, ушул жеримдин баарын берейин деп жалынып турганда айтылат. Географиялык реалияда Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгындагы чөл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4