Кызыл-Кыя шаардык борбордук китепкана

Википедия дан

Кызыл-Кыя шаардык китепкана тармагында 1 борбордук китепкана, 1 балдар китепканасы жана 3 китепкана филиалдары иштейт. Жалпысынан алганда китепканада 14 кызматкер эмгектенет.Анын ичинен 6 жогорку билимдуу,4 атайын орто жана 4 орто билимдуу кызматкерлер. Китепканалар боюнча 141045 даана китеп фондусу бар. Андан тышкары 48 даана аталыштагы гезит-журналдар тейлоо болумундо тиркелип,окурмандар пайдаланууда.

Кызыл-Кыя шаардык китепкана 1947-жылы 20-январда Рудник поселкасында Кызыл чайханада тузулгон. 1951-жылы шаардык борбордук китепкана деп аталып китеп фонду 2651 нусканы тузгон. 1974 – жылдан тартып борборлоштурулган китепкана тармагы деп эсептелет.

1963 жылы борбордук китепкана учун атайын типтештирилген имарат курулуп пайдаланууга берилген.

Борбордук китепканада 4 болум окурмандардын кызматында.

1.Усулдук-библиографиялык болум.

2. Тейлоо болуму.

3. Китепкана-Интернет маалымат борбору.

4. Адабияттарды топтоо жана иштеп чыгуу болуму.

Азыркы учурда китепкананын окуу залдарында окурмандар учун ынгайлуу шарттар тузулгон жана алар учун ар турдуу адабий кечелер, библиографиялык обзорлор,диспуттар,тематикалык кечелер,тегерек столдор откорулуп турат жана тематикалык папкалар,картотекалар,китеп коргозмолор уюштурулган.Борбордук китепкана шаардагы коптогон орто жана жогорку окуу жайлар,мектептер,ишкана уюмдар менен тыгыз иш алып барат.Алар малекеттик тил боюнча,Кыргызстандын тарыхы,адабияты,маданияты,искусствосу, конституция, закондору боюнча,белгилуу инсандар тууралуу материалдарды алып турушат.

Китепкана кызматкерлери республикалык,областтык, шаардык денгээлде откорулуп туруучу семинар-тренингдерге катышып,билимдерин жогорулатып турушат.Ошондой тренингдердин бири 2010-жылдын 2-ноябрнан 5-ноябрына чейин Бишкек шаарында АКШнын мамлекеттик департаментинин каржылоосу менен Айрекс ишке ашырып жаткан Билим беруудогу заманбап технологиялар программасынын уюштуруусунда отту. Бул тренинге борбордук китепканадан 3 китепканачы катышып келишти жана натыйжада 6 компьютер, веб камера, цифровой фотоаппарат, принтер, сканер, ксерокопия пайдаланууга берилди. Ошондой эле 1 жылдык моонотко Интернет байланышына туташтырылды. Азыркы учурда борбордук китепкананын алдында Китепкана - Интернет маалымат борбору ийгиликтуу иштеп жатат.