Кызыл-Ой совхозу

Википедия дан

Кызыл-Ой совхозу - советтик чарба. 1982-ж. Суусамыр өрөөнү Панфилов районунан бөлүнүп, Жумгал районуна карагандан кийин Кызыл-Ой, Кожомкул, 1-Май, Каракол кыштактарынын базасында уюштурулган.

Совхоздун борбору - Кожомкул кыштагы болгон. Негизги максаты калкты жумуш менен камсыз кылуу жана элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу эле. Ал кезде совхоздун жалпы айдоо аянты 12,0 миң га болгон. Анын ичинен 6,0 миң гасы дан эгиндери, 2,0 миң гасы көп жылдык чөп, калганы тоңдурма жана бир жылдык чөп болгон. Эгин 8-9 миң г, кесек тоют 6-7 миң тга чейин өндүрүлгөн. Совхоздо 35,0 миң кой, 300 жылкы, 800 уй болгон.

1992-ж. Суусамыр району уюшулганда совхоз жоюлуп, анын базасында 3 совхоз - Ко-жомкул айылында «Каракол», Кызыл-Ой айылында «Кызыл-Ой» жана 1-Май айылында «Үч-Эмчек» уюштурулган.

Бул совхоздор базар экономикасынын шартына туруштук бере албай экономикасы төмөндөп, малмүлкү карыздарына берилип, калганы элдин үлүшүнө таркатылган. 1994-95-жылдары толугу менен жоюлган. «Кызыл-Ой» совхозунда директор болуп Ж. Жунусов (1982-83), Т. Бектурганов (1983-87), М. Шаршенов (198788), Т. Жапаров (1988-90) жана Э. Сакиев (1990-91) иштешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9