Кызыл-чок

Википедия дан

Кызыл-чок — кытай жана калмак башкаруучуларынын баш кийиминдеги мансабын көрсөтө турган атайын белги. Мисалы, «Манас» эпосунда « Кызыл чок кытай журтунан» (Сагымбай Орозбаков, 1. 80), «Кызыл чоктуу көп ойрот, Мени кытай кайдан соо коёт?!» (Сагымбай Орозбаков, 1. 115) — деген сыяктуу саптар көп жолугат. Радлов жазып алган вариант боюнча ата-энеси жана эли мусулман болууну каалабаган соң Алмамбет кыргыздарды көздөй «кызыл чоктуу ойроттун канын өлтүрүп» (Радлов жазып алган вариант 19) качат. «Кызыл чоктуу ойротту өрт күйгөн эмедей сапырып», күн чыгышка сүрөт да, «Каапырдын каны болгончо мусулман кулу болоюн,» — деп кыргыздарга келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4