Кызыл таш мөңгүсү

Википедия дан

Кызыл таш мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,5 км, аянты 5,3 км, көлөмү 0,4 км3.

Кызылсуунун (батыш) сол куймасы Тарама суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляция облусунун аянты 2,4 км2. Мөңгүдөн Кызылташ суусу башталып, Кызылсуунун сол куймасы – Тарамага куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2