Кызыл тилкелүү сойлок

Википедия дан

Кызыл тилкелүү сойлок (лат. Rhodorhachis) – түрпүлөр түркүмүнө кирүүчү суу жылаандар уруусундагы, сойлоктор тукумундагы уз. 2,4 мге жетет. Кыргызстанда эң бир начар изилденген. Сойлоктордун ичинен чанда жолугат. Кыргызстанда бир гана жерде Тяньшандын батышында Узунакмат өрөөнүндө жашаганы байкалган. Тоо бетинин күнгөй жагын, бадал баскан кумдак, таштуу жарларды, деңиз денг. 2300 м бийиктиктеги жерлер. Кээ бир маалыматтарга караганда булар күндүзү, демилгелүү болуп 7 айга чейин өтө кыймылдуу келет. Бир жылда бир гана жолу 4-9 жумурткаларын тууйт. Майда кескелдирик жана кемирүүчүлөр менен азыктанат. К. т. с-тун саны азайгандыктан Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]