Кыз, келин көтөрүү

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 10—15 киши.
Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга жетекчи шайланат, калгандары кыздар жана жигиттер болуп бөлүнүп, 3—4 м. аралыкта бир бирине карап турушуп оюндун шарты, өткөрүлүүчү аралыгы жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи кыздардын бирөөсүнөн «Сен кимдин өмүр жолдошу болгуң келет?» деп сураганда, ал кыз көңүлүнө жаккан жигитти мактап, ошондой эле анын кемчиликтерин да айтып «тетиги бойлуу, каштуу, Кожомкулдай күчтүү, кызганчаак «Темирбекти» деп жооп берет. Андан кийин кыз жана жигит оюн башталуучу сызыкка чыгышканда жигит кызды алдына баладай көтөрүп белгиленген аралыктан өтүшү керек. Эгерде жигит кызды жыгылтпай, жерге койбой, кыйналбай аралыктан көтөрүп өтсө, кыз ырдап же бийлеп бериши керек. Эгерде жигит тапшырманы аткаралбай калса, анда өзү ырдап же бийлеп бериши шарт. Ошентип, катышуучулар кезектери менен оюнду каалаган убакытка чейин улантышат. Кызды кыйнабай, жерге койбой, жыгылтпай белгиленген аралыктан ийгиликтүү өткөн жигит, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыз, келиндерди атка миндирүү, кыз келиндерди аттан түшүрүү, кыз, келиндерди суудан көтөрүп өтүү, жигит көтөрүү ж. б.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жигитке кызды жерге коюп дем алууга, аралыктан толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюн жетекчисинин тапшырмасын аткарбай коюуга, баш тартууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн жетекчиси суроону кыздардан сурабай, жигиттерден сурап, оюнду баштаса дагы болот. Жигиттер кыздар аларды жакшылап мактамайынча, оюн башталуучу сызыкка чыкпай коюшса дагы болот.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч тарбияланат, оордуктарды көтөрүүгө, бир жерден экинчи жерге алып барууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]